ИИМ: Кыймылсыз мүлктөргө жана жер тилкелерине байланышкан алдамчылыкка шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Ал тараптан жарандарга келтирилген зыян болжол менен 500 миң долларды түзөт. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Ички иштер органдары тарабынан батирлерди жана жер тилкелерин сатууга байланышкан алдамчылык фактысы боюнча көптөгөн кылмыш иштери иликтенүүдө. Жабырлануучулардын арыздары боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБде (алдамчылык аракеттердин 40дан ашык фактысы), Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБде (алдамчылык аракеттердин 10дон ашык фактысы) катталган. Ошондой эле Бишкек шаарынын башка ички иштер башкармалыктарында арыздар бар. Бул кылмыштардын баарында шектүү катары жаран 1985-жылы туулган К.М. өтүп жатат. Шектүү жарандардын ишенимине оңой кирип, кыймылсыз мүлк сатып алууда кызматтарды сунуштап, потенциалдуу кардарларды өзүнө тартып турган. Мында ал жеке турак үйлөрдү куруу үчүн берилүүгө тийиш эмес болгон жер тилкелерин башка адамдарга сатууга жетишкен.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында алдамчылык жолу менен 60 миң доллардан ашык акча каражатын ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран батир сатып алууга жардам берем деп убада берген. Бирок акча алгандан кийин изин жашырып кеткен. Курулуп жаткан үйлөрдөн батирлерди убада кылган. Ошол эле учурда кардарларды башка бирөөнүн батирине алып келип көрсөткөн. Ошондой эле ал айрым жарандардан 100 миң доллардан ашык акча каражатын ээлеп алгандыгы тууралуу маалымат келип жатат. Акча операциялары түз ал аркылуу жүргүзүлгөн. Учурда алдамчылыкка шектелгендердин колунан 70тен ашык адам жабыркаганы аныкталды. Андан дагы жабыркагандар болушу мүмкүн. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы зыян 500 миң доллардан ашат жана бул азырынча алдын ала маалыматтар.

Мындан тышкары, шектүү өзүнүн анкеталык маалыматтарын бир нече жолу, фамилиясын төрт жолу өзгөрткөнү аныкталды. 2022-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жер тилкелерине байланыштуу алдамчылык фактылары боюнча издөө жарыяланган. Чебердик менен өзүн жасалмалап, сырткы көрүнүшүн өзгөрткөнгө да жетишкен. 23-ноябрда шектүүнү Бишкек шаарынын аймагында ИИМдин КИББдин кызматкерлери кармашты. Учурда ал Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.