ИИМ: «Кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн 4 шектүү кармалды»

Кыргызстанда “Бандит” аталышындагы рейд өткөрүлүп, 18 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган операцияны өткөрүү маалында республика аймагы боюнча 18 кылмыштын бети ачылган. Анын ичинде бейбаштык, алдамчылык, тоноо болсо, мурда жасалган 7 кылмыштын бети ачылды. Мүлктүк кылмыштарды жасоо үчүн издөөдө жүргөн 4 адам кармалды.

Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адамдар менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алардын мурда жасалган кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилди. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 10 адамды аймактык бөлүмдөргө жеткиришип, алар менен алдын алуу боюнча маектешүүлөрдү жүргүзүштү.