ИИМ: «Кыргызстанда 9 ай ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тоннадан ашык баңгизат алынды»

Ушул жылдын 9 айында республика боюнча жалпы укук коргоо органдары тарабынан 121 миң 659 кылмыш жана жорук катталган. Бул тууралуу ИИМдин коллегиясында айтылды.

Алардын ичинде 117 миң 87 кылмыш жана жорук ички иштер органдарында катталган. Бул өлкө боюнча катталган кылмыштардын жалпы санынын 96,2 пайызын түзөт. Мындан тышкары, 9 айда баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны 777 фактыны түздү. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 123 килограмм 684 грамм баңгизаттары, психотроптук каражаттар жана прекурсорлор алынды. Орусиянын жана Казакстандын укук коргоо органдары менен ири масштабдагы атайын операциялар өткөрүлүп, анын натыйжасында Орусиянын аймагынан 46 килограмм 476 грамм гашиш, ал эми Казакстандын аймагынан 7 килограмм 700 грамм апийим, 1 килограмм 100 грамм гашиш алынган. Кыргыз Республикасынын аймагында кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында 3213 адамдан турган 220 бригада түзүлүп, 3023 гектар жер изилденди жана анын ичинен 250,7 гектарда өсүп жаткан кара куурай орулуп алынып, салмагы 187 тонна 675 килограмм кара куурай өрттөө жолу менен жок кылынды.