ИИМ: «Лейлекте чек араны бузуп кирип, жүк алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды»

Лейлекте чек араны бузуп кирип, жүк алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан 23-июль күнү таңкы саат 05:30 чамаларында Тажикстандын Согдий облусунун Худжант шаарынын тургуну 30 жаштагы жаран өзүнө таандык Toyota Avensis Verso үлгүсүндөгү унаасы менен мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылынан аткезчилик менен жалпы салмагы 700 килограмм болгон койдун эттерин Кыргызстандан алып чыгып жаткан учурда кармалган.

Кармалган учурда далил буюм катары алынган жүктөр аныкталып, Лейлек РИИБдин малыматтардын электрондук журналына катталып, кылмыш ишинин караштуулугу боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берилген.  Кылмышка шектелип кармалган тажик жараны убактылуу кармоо жайына киргизилип, унаасы айып короосуна киргизилген.