ИИМ депутат Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталып жатканын билдирди.
“ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. 2-сентябрь күнү Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлду.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган. Тергөө иштери улантылууда”,- дешти.