ИИМ: Мончодо бала зордукталган видео Кыргыз өлкөсүндө тартылган эмес

Мончодо бала зордукталган видео Кыргыз өлкөсүндө тартылган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сеитов маалымат таратты.

«Маселе тактала электе социалдык тармактарда провакацияга алдырган жарандар болду. Ошол эле интернет аркылуу ар кандай сүрөттөрдү жарыялашып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай так маалыматтарды күтөлү. 

Аталган окуя Кыргыз өлкөсүнүн аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Экинчиден аталган видео 1-2 жыл мурун болгондугу жана бул факты боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда.

Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан, кайсы жерде болгондугу тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча билдиребиз», — деп жазылат Бакыт Сеитов тараткан маалыматта.

Буга чейин интернетте жүрөк титиреткен видео тарап жатканын жазганбыз. Андан 20 жаш чамасындагы жигит өзүнөн кичүү 10 жаштай болгон баланы күч колдонуп зордуктап жатканын көрүүгө болот. Баланын каршылык көрсөтүп жатканы, коё беришин сурап кыйкырганы да угулат.