ИИМ: «Москвадагы массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду»

Москва шаарынын мэриясынын Регионалдык коопсуздук башкармалыгынын аймактык департаменти ведомстволор аралык жыйын өткөрүп, ага федералдык коопсуздук кызматынын, тергөө комитетинин, прокуратуранын жана полициянын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда алар түштүк-чыгышындагы массалык мушташтын келип чыккан жагдайларын жана себептерин талкуулашып, муну «өзгөчө кырдаал» деп баалашууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул факт боюнча укук коргоо органдары тарабынан жаңжалдын 102 катышуучусу (Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары) кармалган.

Орусиянын ИИМинин Москва шаарындагы Башкы башкармалыгынын Түштүк-Чыгыш административдик аймагы боюнча ички иштер башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү кечке чейин кармап келишкен жарандардын ичинен жетимиш бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны болот, калгандары изин жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Мындан тышкары, аталган факт боюнча Орусиянын ИИМинин Москва шаарындагы Башкы башкармалыгынын Түштүк-Чыгыш административдик аймагынын ички иштер башкармалыгынын өндүрүшүндө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (ээнбаштык) боюнча козголгон кылмыш иши бар. Ага ылайык, бул мыйзамсыз аракеттерди жасагандар аныкталууда.

Азыркы учурда, Москва шаарынын райондук соттору тарабынан административдик укук бузуулар боюнча жалпысынан 102 материал каралды (Кузьмин райондук соту — 46 иш, Люблин райондук соту — 37 иш жана Лефортово райондук соту — 19 иш). «Анда соттор тарабынан массалык мушташка катышкан жарандарга карата административдик укук бузгандыгы үчүн Орусия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 20.2-беренесинин 6.1-бөлүмү (Жашоону камсыздоочу жайлардын иштешине тоскоолдук жараткан уруксатсыз жыйынга катышуу) боюнча 15 күнгө административдик камакка алуу (анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) чечими кабыл алынган«,- деп айтылат маалыматта.

Учурда Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан мигранттардын документтерин текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп, ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирүү, алардын өздүгүн тактоо, ошондой эле алардын катышуусундагы чыр-чатактуу кырдаалдардын болушун алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын алуу иштеринин жүрүшүндө аймактык полиция бөлүмдөрүнө 900дөн ашуун адам жеткирилген.