ИИМ: «Орозайым Нарматова Бишкекке Тергөө кызматына жеткирилди»

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова ИИМдин Тергөө кызматына тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жеткирилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Укук коргоо органдары тарабынан интернет тармагында укукка каршы аракеттерди аныктоо, эскертүү жана бөгөт коюу боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун натыйжасында Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган фактылар аныкталган»,— деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдар каттоого алынып, Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен 10-сентябрда Нарматова Ош шаарынын аэропортунда кармалган. Учурда ал ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.