ИИМ: «Өз өлкөсүндө 6 жашы жете элек кызды сойкулукка мажбурлаган Түркиянын жараны кармалды»

Өз өлкөсүндө кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

10-сентябрда түнкү саат 23:10 чамасында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда ИИМдин кызматкерлери менен УКМКнын чек ара кызматкерлери тарабынан Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын жараны кармалган. Издөөнүн демилгечиси Түркиянын укук коргоо органдары болуп саналат.

Түрк тараптын айтымында, кармалган жаран өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сойкукана уюштуруп, жашы жете элек 6 кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жана эркектерге интимдик кызмат көрсөткөндүгү үчүн берген акчасын алып жүргөн. Ал эми аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган учурда жаран изин жашыруу максатында Түркиянын аймагынан жашыруун качып кеткен. Шектүү жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу максатында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.