Президенттин атын жамынып, инвестордон акча талап кылган ишкер. ИИМ маалымат берди

Милиция кызматкерлери тарабынан чет элдик инвесторлордон өзгөчө ири өлчөмдө (200 миң доллар) акча каражатын талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

24-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматына Х.С. аттуу чет мамлекеттин жараны арыз менен кайрылган. Анда 22-августтан 16-сентябрга чейинки убакытта Н.Т. аттуу арыздануучунун таанышы Ислам жана Фазиль аттуу уулдары менен кылмыштуу сүйлөшүп, белгисиз маркадагы ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутуп, башка өлкөнүн үч жаранына арыздануучуга карата арыз жазууга мажбурлашкан. Анда президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.

16-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Т.Н. Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде болуп, Х.С.ны каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонушу керектигин айтып кеткен. 17-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Т.Н. борбор калаада жайгашкан кафелердин биринде Х.С.ны шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң доллар талап кыла башташкан.

Ошол эле күнү бул кылмыш ишинин алкагында 1978-жылы туулган Т.Н.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын BMW X7 үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңгизаты, темир кастети жана 11 патрон табылып, алынган. Аталган кылмыш ишинин алкагында 24-сентябрда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык, 2001-жылы туулган Н.И., 1997-жылы туулган М.Ф., башка өлкөнүн жараны кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бүгүн, 25-сентябрда Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.