ИИМ: «Шаирбек Ташиев 4,1 млрд сомдон ашкан зыянды толук өндүрүшү керек»

Ички иштер министрлиги тарабынан Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалды.
Тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган. Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат. Тергөө иштери уланууда.
Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шайырбек Ташиев тарабынан өндүрүлүшү тийиш.