ИИМ: «Таласта ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыгын 2 миң сомго саткандар аныкталды»

Жасалма ПЦР-тесттерди саткан жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Республиканын аймагында жасалма ПЦР-тесттерин мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Маалыматка караганда, ички иштер органдарында бул боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда эки, Талас облусунда бир факты катталган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү жарандардын аты-жөнү аныкталып, алар 25 жаштагы жигиттер болуп чыккан. Алар Жазык кодексинин 359-беренесинде (документтерди жасалмалоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип кармалышкан. Дагы бир факты Талас облусунун Манас районунда катталды. Менчик лабораториялардын биринин эки кызматкери жасалма ПЦР-тесттерин 2 миң сомго сатып жатканы аныкталган. Бул факты дагы катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси (документтерди жасалмалоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул адамдардын бардыгы аныкталып, кармалган. Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан бардык тергөө амалдары жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.