Чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграция уюштурган канал аныкталды

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ЖЧКнын жетекчисинин орун басары башкы директорунун жоктугунан пайдаланып, мамлекеттик органдарга жалган маалыматтарды берүү аркылуу эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашыруу шылтоосу менен чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына келүүлөрүнө уруксат берүүчү документтерди жасап жүргөн. Бул кызмат көрсөтүүсү үчүн сый акы алып жүргөнү маалым болгон.

Бул ЖЧКнын башкы директору болгон чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгып кеткенден бери, анын орун басары жүргүзгөн ишмердүүлүк жасалма болгон. Жогорудагы ЖЧКда чет өлкөлүк жарандар эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмес жана тиешелүү болгон документтери жок башка иштерде иштеп жүргөндүгү аныкталды. Аталган ЖЧКда чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү жана жүрүүсү боюнча мыйзамсыз кызматтарды көрсөтүлүп келген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, жетекчинин орун басары шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама тапшырылып, иш сотко жөнөтүлдү.