Кытай жаранын коркутуп, акча талап кылган Кытай жарандары кармалды (видео)

ИИМдин кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жаранды коркутуп, акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-февралда Ички иштер органдарына чет мамлекеттин жаранына кол салуу болгондугу жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Анда жаран Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына Кытайдын жараны бейтааныш адамга жана аны коштоп жүргөн бир нече белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык Кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, ушул жылдын 19-февралында кечинде Чүй облусунун Кант шаарында өздөрүн УКТ мүчөлөрү катары тааныштырган белгисиз 5-6 адам чет өлкөлүк жаранды ак түстөгү автоунаага күч менен салып, Кара-Балта шаарын көздөй алып кетишкен.

Бул факты боюнча ИИМдин кызмакерлери төмөнкүлөрдү аныкташкан: Шектүүлөр психологиялык таасир көрсөтүү максатында чет өлкөлүк жаранды талаага алып барып,  көрүстөндүн жанында бычак менен коркутушуп, акча каражатын опузалап талап кылышкан. Ошол эле учурда алар жабырлануучуга карата кара күч колдонуп, 5100 доллардан кем эмес  акча каражатын талап кылышкан. Эртең менен аны шаарга алып келип ташташып, жабырлануучуда болгон 5000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып, өздөрү белгисиз тарапка кетип калышкан. Мындан тышкары, шектүүлөр коркутушуп, дагы акча даярдоого буйрук беришкен. Опузалап акча талап кылган деп шектелгендердин арасында чет өлкөлүк жарандар дагы болгон.

Андан кийин, белгисиз адамдар мыйзамсыз аракеттерин улантып, кайрадан 5000 долларды талап кылууну улантышкан. 22-февралда талап кылып жаткан акча каражатынын бир бөлүгүн, тактап айтканда 1000 долларды алып жаткан жеринен 1985-жылы жана 1993-жылы туулган Кытайдын жарандары кармалган.  Кармалгандар Бишкек шаарында убактылуу жашашат. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалган.

Учурда кылмышка катыштыгы бар башка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.