ИИМдин тергөөчүсү 4 миң доллар опузалап пара алууга шектелип кармалды

УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын майору кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Кармалган тергөөчү ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн 4 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү жана ортомчу кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча алуу фактылары катталган учурда төмөнкү телефондорго 0312 66 04 75; 62 65 04 кайрылууңуздарды өтүнөт.