Орусиядан ижарага алган 218 миң долларлык самосвалдарды сатып жиберген шектүү кармалды

Чүйдө ижарага алган 218 миң долларлык самосвалдарды 90 миң долларга сатып жиберген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралда «Сбербанк Лизинг» компаниясынын жумушчулары милицияга арыз жазышкан. Анда 2023-жылдын 28-сентябрында 218 миң доллар турган эки самосвалга ижара келишимин түзүп, Орусиядан Кыргызстандын аймагына алып чыккан.

Келишимге ылайык, 2024-жылдын 16-январынан кечиктирилбестен Орусияга кайра алып барышы керек болчу. Бирок 2024-жылдын июлунда самосвалдарда орнотулган автономдуу ыкчам-издөө маяктарын өчүрүп, ар бир самосвалды 45 миң долларга сатып жиберген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 1982-жылы туулган жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан сатылган самосвалдар алынып, буюм далили катары табылып, адистештирилген унаа токтотуучу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.