Улуттук илимдер академиясында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК Улуттук Илимдер Академиясына мамлекет тарабынан ыкчам башкарууга берилген кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу боюнча ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүүнүн жүрүшүндө, имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды жана ага бөгөт коюлду.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Илимдер академиясынын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, жеке баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, тиешелүү эсептик жоопкерчиликтерди айланып өтүп, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышканы аныкталган.
Учурда бул мыйзам бузуулардын натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө академиядан өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды.
13-июнда УИАга жалпы аянты 3,36 га болгон белгиленген жер участогуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тапшырылды. УКМК мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана бул багытта мыйзамдуу тартипти орнотуу боюнча иштерди улантууда.