Имамидин Ташов мамлекетке батирлерин берип, үй камагына чыкты

Курулуш компанияларынын бири тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө келтирилген зыяндын орду мамлекетке төлөндү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз турак жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 батир жана 52,4 миллион сомдук 1 коммерциялык жай муниципалдык менчикке кайтарылган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан белгиленген максатка ылайык келбегендигине карабастан, жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыккандыгы аныкталган. Ошол эле учурда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “О” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын ордуна 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, сатып жиберген.

Көрүлгөн комплекстүү чаралардын жыйынтыгында курулуш компаниясынын ээси – Имамидин Ташов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп, Биринчи Май райондук сотунун 8-декабрындагы чечиминин негизинде анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.