«Империя пиццы» тамактануучу жайында пакистандык студент сабалды

«Империя пиццы» кафесинде пакистандык студент сабалды. Бул тууралуу Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Пакистандын жараны кайрылган. Анда ал 5-декабрда саат 01:00дөр чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан «Империя пиццы» кафесинде белгисиз бирөөлөр сабап салышканын айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары үч жаран аныкталды, алардын экөө 28 жашта, дагы бирөө 29 жашта. Тергөө иштери уланууда.