«Империя пиццы» кафесиндеги массалык уулануу. Кылмыш иши козголду

«Империя пиццы» тамактануучу жайындагы массалык уулануу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

«Уулануу фактысы боюнча бардык чогултулган материалдар каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жетсе, 27-октябрда ооруканага кайрылгандар 253 адамды түздү. 28-октябрда 318 адамдын ооруканаларга кайрылганы маалым болгон. Аталган тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды жана «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат.