Индияда кыргызстандык кош бойлуу келин жана анын бир жаштагы баласы киши колдуу болду

Нью-Делинин Калкаджи аймагында 28 жаштагы кыргызстандык келин жана анын бир жашар уулунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу The Indian Express жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы Мыскал Жумабаева жана анын уулу Манастын бычакталган жансыз денеси курбусунун үйүндө табылган. Маалыматка караганда, ал 5 айлык кош бойлуу болчу. Жансыз дененин жанынан бычак табылган. Басылманын жазган маалыматына караганда, Мыскал жолдошу Винае Чаухан менен жашачу. Алардын үйлөнгөнүнө 2 жыл болгон.

Полициянын маалыматы боюнча, окуя алдында кыргызстандык аял күйөөсү менен урушуп кеткен, жолдошу досу менен жолугуу үчүн үйдөн чыгып кеткен. Келин курбусу болгон Өзбекстандын жараны Матлюба Мадусмоновага чалып, ичинин ооруп жатканына даттанып, ооруканага жеткирилген. Ушундан кийин курбусу кыргыз келинди уулу менен кошо Калкаджидеги үйүнө алып барган, эртең менен алардын өлүгү табылган. Адам өлтүрүү фактысы катталган, кылмышкерлерди аныктоо жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми дүйнөлүк ЖМКлар кыргызстандык келиндин сүрөтүн жарыялашты.