“Сиңдим каза болордон алдын жолдошу, кайненеси менен урушуп жүргөн” дейт Индияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн келиндин эжеси

21-сентябрда Индиянын Нью–Дели шаарында 28 жаштагы кыргызстандык келин Мыскал Жумабаева жана анын бир жашар уулу Манастын жансыз денеси табылган. SUPERTV`га маркумдун апасы менен бир тууганы кайрылып, эне-баланын өлүмүнө күнөөлүүлөр тийиштүү жаза алышын талап кылышарын айтышты.

Маркумдун бир тууган эжеси Айпери Жумабаева сиңдиси менен жээнинин сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө алып келген. Ал окуя тууралуу мындай дейт: “Сиңдим экөөбүз тең Индияда бири-бирибизге көп алыс эмес жерде жашачу элек. Ал каза болордон 2-3 күн мурда үйүнө барып, тамагын жасап берип жардамдашып жүргөм. Ошол учурда жолдошу менен бир аз айтыша кетип, кайненеси менен да түшүнбөстүктөр болуп жаткан. Мен үйгө кетип, эртеси күнү байланышсам телефону өчүк. Анан жаңылыктардан мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн угуп жатпаймынбы. Өлүкканадан алардын денелерин көргөндө аябай жаман болдум. Өтө мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр. Мындай нерсени адам кантип кылат деп таң калдым. Күйөө балабыз, алардын туугандары дагы, сиңдим менен жээним каза болгон үйдүн ээси, тагыраагы сиңдимдин курбусу дагы бир нерсени сүйлөп жатышат. Баарынын сөзү бир болгондуктан, биз азыр эч кимге ишенбейбиз”.