Индиянын аэропортунда кыргызстандык аял 7,5 килограмм алтын менен кармалды

Делидеги Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто Кыргыз жараны 7,5 килограмм алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деген шек менен бажы кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ommcom News билдирди.

Маалыматка караганда, аял 27-октябрда Кыргызстандан барган жана 4 алтын куймасын ич кийимине тигилген чөнтөктөрүнө катып, мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Ал куймаларга документтерди көрсөтө алган эмес.

Бажы кызматкерлери аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Кыргызстандык аял жергиликтүү соттун чечими менен 14 суткага камалган.