Жабдыктарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды. Кылмыш ишинин алкагында, тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алып, ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай жасалма түрдө алынды кылган СӨМдүн алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды.
Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген чыгым 57 миллион сомго жакынды түзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.