«Иним каза болгон соң, сага орун жок». Ноокендеги туугандардын ызы-чуусу боюнча милиция маалымат берди

Социалдык тармактарда аял киши сабалган видео тарады. Андан аялдын дагы бир аялды чачтан кармап, сүйрөп жатканын көрүүгө болот. Маалыматтарда алардын үй талашып жатканы айтылган. Жалал-Абад ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

«Ноокен РИИБге 1979-жылы туулган Бүргөндү айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылып, 1-август күнү үйүнө кайнежеси келип, “Үйдү бошотуп кой, бул үйдө иним каза болгондон кийин сага орун жок” деп ызы-чуу салып, аны темир труба менен бир нече жолу уруп ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.

Аталган маалымат катталып, текшерүү иштери башталган. Арыз ээсинин денесинен алган жараатын аныктоо үчүн ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык аялдын жеӊил дене жараат алгандыгы такталган.

Окуя боюнча аялдын денесинен жеӊил жараат алгандыктан, анын арызы боюнча текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгында 23-августта кылмыш иш козгоодон баш тартылып, кайнежесинин кыймыл-аракетине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык чара көрүү маселесин чечүү үчүн материал тиешелүү кызматкерлерге жиберилген.

Ноокен РИИБге 2001-жылы туулган Бүргөндү айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылып, 16-август күнү үйүндө өзүнүн атасынын эжеси эч себепсиз жаңжал салып, жашы жете элек кызы колунда турган учурда мойнунан муунтуп, бети-башына уруп, денесине жараат келтиргендигин билдирген. Бул окуя  катталган. Окуя боюнча, арыздануучу денесине келтирилген жарааттарынын мүнөзүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок ал экспертизалык изилдөөлөрдөн өткөн эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен арыздануучу соттук-медициналык изилдөөлөрдөн өтпөгөндүгүнө байланыштуу, окуянын жосунунда кылмыштын белгилери аныкталбагандыктан, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде кылмыш иш козгоодон баш тартылып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык же болбосо коомдук алдын алуу борборунда талкуулап кароо үчүн, токтомдун көчүрмөсү тиешелүү кызматкерлерге жиберилген.

16-август күнү саат 18:13 чамасында 1970-жылы туулган кайнежеси денесинен жараат алып Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө келип түшкөн. Андан сырткары, ошол эле күнү Ноокен РИИБге Бишкек шаарынын тургуну жогоруда көрсөтүлгөн аял арыз менен кайрылып, 16-август күнү саат 15:00 чамасында Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагындагы апасынын үйүндө каза болуп калган бир тууган инисинин жубайы жана 3 кызы уруп тепкилеп, ден соолугуна зыян келтиришкенин жазып көрсөткөн. Жогорудагы маалыматтар катталып, териштирүү иштери башталган.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык кайнежесинин жеңил дене жараат алганы аныкталган. Бул окуяда Кылмыш-жаза кодексиин 136-беренесинде (ден соолукка жеңил залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан, Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө окуяны ар тараптуу текшерип, туура юридикалык баа берүү үчүн тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», — дешти.