«Иним өлүм төшөгүндө жатат» деген сабалган жарандын бир тууганы УКМК төрагасына кайрылды

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылынын тургуну Айгүл Жанышбаева кайрылып, бир тууган иниси, 4 баланын атасы сабалганын айтып, башкы прокурор Курманкул Зулушев менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Анын айтымында, 1993-жылы туулган иниси Нурболот Сагындыков 16-декабрга караган түнү катуу сабалган. «Үйдөн жакын досу чакырып берген. Дос балдары уруша кеткенде иним ажыратыптыр, ошондо иниме асылышып, сабап салышкан. 16-декабрдан тарта иним 25 күн реанимацияда жатты. Палатага чыгарып беришти. 46 күндөн бери комада жатат. Иним өлүм төшөгүндө жатат. Дарыгерлер үйгө чыгарды. Алар дарылоо бүттү дешти. Тергөө жай жүрүп жатат. Сабаган балдарды жакындары үйгө келип, абалын сурап коюшкан жок. Ал эми дагы бир бала жана чакырып берген досуна эч чара көрүлбөй жатат», — деди эжеси.

Окуя боюнча редакцияга Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти. «16-декабрга караган түнү саат 00:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылындагы жолдун боюнда А.К. жана К.А. аттуу жарандар Н.С. аттуу жаранды уруп-тепкилешип, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Кесепетинен Н.С. оор абалда Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу оор дене жараатын алгандыгы аныкталган. Окуя боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө А.К. жана К.А. айыпталуучу катары жоопко тартылып, аларга карата Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 16-февралга чейинки мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — дешти.