«Инимди кудукка түшүп өлдү кылып коюшту». Ошто каза болгон 3 жашар баланын эжеси окуя тууралуу айтып берди

Буга чейин “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармактагы баракчасына Ошто 3 жашар бала каза болгонун, жакындары анын өлүмүнүн себебин жашырып жатышканын жазып чыккан. Ош ОИИБ маалымат таратып, баланын кудукка түшүп каза болгонун, факты каттоого алынганын билдиришкен.

Бирок укук коргоочу бул версияга ишенбей турганын жазды. «Ош облусунун Жапалак айылындагы туугандарынын айтымында, үч жашар бала кечээ апасынын туугандарынын үйүндө каза болгон. Ал кудукка түшүп кеткен имиш. Туугандары милицияга кабарлашпай, Тез жардам менен ооруканага алып барышкан, дарыгерлер эмнегедир милицияга билдиришкен эмес. Бала эки сааттан кийин жерге берилген. Бирок баланын апасы тараптан агасы Москвадагы атасына телефон чалып, баласын өлтүргөнүн, эч нерсе кыла албастыгын, мас абалында болгонун айткан. Азыр туугандары баланы эксгумацияга бербей жатат. Суроо туулат, эмне үчүн туугандары да, дарыгерлер да милицияга дароо кабарлашкан эмес? Бала өлтүрүлгөн болушу мүмкүн», деп жазган ал

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон наристенин атасынын бир тууган карындашы менен байланышканыбызда, баланын таякесинен шек санап жатышканын айтты. «Атасы менен апасы экөө тең Москвада болчу. Ажырашабыз деп баланы тай жагына алып кетишкен. Милиция кудукка түшүп кетип каза болду деди, бирок мен ишенбейм, аны кудукка түшүп каза болду кылып коюшту. Бала каза болгон соң 2 сааттан кийин эле эч кимге билгизбей жерге беришкен экен. Кошуналары да билишпептир. Таякеси агама чалыптыр. Тез жардам чакырышыптыр, бирок дарыгерлер да баланын каза болгону тууралуу маалыматты милицияга беришкен эмес. Анткени, аларга тайнеси жаздыртпай койгон экен. Азыр байкем эксгумация кылдыртууну ойлонуп жатат», — деди эжеси.