Инспектордун огунан каза болгон айдоочу. Айыпталуучу сотко жеткирилди

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунда Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук отурум өтүп жатат. 

Жыйынга судья Рустам Саткынбаев төрагалык кылууда. Отурумга соттолуучу Дулатбек уулу Жакупбек жеткирилди. Сотко иш боюнча башка айыпталуучулар да келишти – алардын баары ИИМдин Кайгуул кызматынын мурдагы инспекторлору. Ошондой эле маркумдун жакындары келишти. 

27-августта Бишкекте Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.