Инспектордун огунан каза болгон айдоочу. ИИМдин 22 кызматкери жоопкерчиликке тартылды

Милициянын кайгуул кызматкеринин айдоочуну тапанчасы менен аткандыгы боюнча ИИМ иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 7-сентябрда комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул иш боюнча ИИМдин 4 кызматкери Аскер прокуратурасында көрсөтмө берип жатышат. Ички иликтөөнүн жыйынтыгында 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. 9 кызматкер ээлеген кызматынан алынды, 1 кызматкер жумуштан бошотулду, 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды.

27-августта Бишкек шаарында Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени маалым. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан.