Инспектордун огунан каза болгон айдоочу. Жактоочу келбегендигине байланыштуу сот жылдырылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунда инспектордун огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок соттук отурум жактоочунун ооруп калганына байланыштуу жылдырылды. Кийинки соттук отурум 24-февралда өтөт.

27-августта Бишкек шаарында Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени маалым. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан.