1-августта Бишкек шаарында «KIA MORNING» үлгүсүндөгү автоунаанын 2002-жылы туулган И.У.Х. аттуу айдоочусу транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын полкунун кызматкерлери тарабынан токтотулуп, ага карата тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы айып короо жайына токтотулган.
Кийин айдоочу ушул маселени оң жагына чечүү максатында Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын башка кызматкерине пара сунуштаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 6-август күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын тескөөчүсүнө иш бөлмөдөн чет өлкөлүк жаран 2001-жылы туулган Б.М.Т. 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Чет өлкөлүк жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.