Талас облусундагы Манас районун тургуну Инстаграмда бейтааныш адамдан келген шилтемени басып электрондук капчыгынан 171 миң 500 сомун алдырган. Манас РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей кылмыштын бети ачылган.
40 жаштагы жергиликтүү аял арыз менен милицияга кайрылган. Ал арызында Инстаграм социалдык тармагынан бейтааныш бала акча утуп алууга мүмкүн экендиги белгиленген шилтеме жөнөткөнүн билдирген. Ошол шилтемени басып кирген соң, анын наамына катталган электрондук капчыгынан 171 500 сом акча каражатын насыя катары каттоого тургузуп алып, акчаны башка тарапка которуп кеткендигин жазган. Кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну 1992-жылы туулган Д.Т. кармалып, Манас РИИБге алып келинген.
Шектүү жаран арыз ээсинин электрондук капчыгынан которуп алган акчаны Ош шаарынан криптовалюта сатып алууга которгону белгилүү болгон. Жабырлануучунун акчасы толугу менен өзүнө кайтарылып берилди.