Интернет аркылуу башаламандыкка чакырууга шектүү кармалды. Ал Орусиядан жеткирилди

Соцтармак аркылуу массалык башаламандыкка чакырган, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгилүү бир социалдык тармактын колдонуучусу коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды таратып жатканы аныкталган.

Эксперттин корутундусуна ылайык, бул материалдарда массалык башаламандыкка, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту бузуучу чакырыктар камтылган.

2023-жылдын декабрь айында 1980-жылы туулган жаран, чет өлкөдө жашынып жүрүп, мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Алынган маалыматтар боюнча, шектүү 2020-жылдын февралында чет өлкөгө чыгып, Орусиянын аймагында жүргөн. Ошондой эле алимент төлөөдөн качкандыгы үчүн Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөндүгү тууралуу да далилдер бар.

2023-жылдын февраль айында кийинки ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросу менен биргеликте, ошондой эле ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Орусиянын аймактык укук коргоо органдары тарабынан жогоруда аталган жарандын жүргөн жерин аныкталган — ал Москва облусунун аймагында жашырынып жүргөн.