Интернет аркылуу интим кызматын сунуштаган келин кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүн, 1-майда тарабынан сойкулукка жасоого шектүү катары 1996-жылы туулган Кара-Суу районунун тургунун кармашты.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда белгисиз жаран ”Дина” аттуу ысым менен интернет баракчаларынын бири аркылуу кардарларды чакырып, сойкулук иши тууралуу жарнама жарыялаган. Бул маалымат Ак-Буура милиция бөлумүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, анын кармоо боюнча ыкчам иштер жургүзүлгөн. Натыйжада, Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен сойкулук жасоого шектүү катары Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Ж.М. кармалган. Шектүү Ж.М. Орусияда жүрүп, бир ай мурда Кыргызстанга келген. Аталган батирди 25-апрелде алып, 28-апрелде баштап сойкулук жасоо үчүн өзүн жарнама жасай баштаганы белгилүү болду.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Ошондой эле бул келинге көмөк көрсөткөн 1998-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну, батир ээси М. уулу С. кармалып, тергөөгө камсыз болду. Ага карата өздүк тинтүү жүргүзгөн учурда жанында алып жүргөн барсеткасынан бычак жана “Макаров” тапанчасына окшош курал алынып, экспертизага берилди.