Интернетке зордуктоонун видеосу тарады. Шектүүлөр кармалды

Соцтармактын кыргыз сегментинде 2 киши аялды зордуктап жаткан видео тараган. Окуя боюнча Свердлов РИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 19-декабрда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 24-декабрда аны зордуктагандарга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган.