Интернетте УКМК, ИИМ жана прокуратуранын жасалма күбөлүктөрү сатылып жүргөн

Кечээ, 7-сентябрда Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда укук коргоо органдарынын күбөлүктөрүн сатуу боюнча жарнактар таратылып жатканы боюнча эскертүү тараткан.
Кыргыз жарандарына жана республиканын конокторуна кайрылууда белгилүү бир укуктарды берүүчү расмий документти жасалмалоо, аны даярдоочу же башка адам пайдалануу үчүн расмий документке атайылап жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү же мындай документти жасоо, жасалма мөөрлөрдү же мамлекеттик сыйлыктарды жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет деп эскертилген.

2023-жылдын 7 айында эле ИИМдин тергөө бөлүмдөрү тарабынан документтерди жасалмалоо фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси боюнча 338 кылмыш иши козголгон. Учурда 169 кылмыш ишинин тергөө амалдары аяктап, материалдар кошумча кароо үчүн сотко жиберилип, 97 кылмыш ишинин тергөө амалдары уланууда. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө иштери убактылуу токтотулуп, кылмышты жасаган адамдарды издөө жана аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.