Ошто 18 жаштагы кыз зордукталганын билдирип, милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.
18-август күнү Кара-Кулжа районунун 2007-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылып, социалдык тармак аркылуу таанышкан болжол менен 30-35 жаштардагы киши Ош-Араван жолунда унаасында күч колдонуп, зордуктаганын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуяга тиешеси бар делген Араван районунун 1996-жылы туулган тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Жабырлануучуга карата тийиштүү экспертизалар дайындалган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.