Интерпол издеп жаткан унаалар Кыргызстандан табылды. Анын ичинен баасы асман чапчыган беш унаа сатыкта турган

Кыргызстанда европалык өлкөлөрдө уурдалган 18 унаа аныкталды. Алардын баары Интерполдун линиясы боюнча изделип жаткан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

30-декабрда Бишкектеги автосалондорунун бирин тинтүү учурунда бул унаалар табылып, айып короосуна киргизилди. Анын ичинен бешөө премиум-класстагы унаалар жана алар 2020-2021-жылдары Швециядан уурдалган. Министрлик тарабынан унаалардын маркалары тууралуу маалымат берилген эмес, бирок төрт унаанын сүрөттөрү жарыяланган, алар интернеттен алынган болушу мүмкүн.

Учурда унааларды уурдаган адамдар аныкталууда.