«Интимдик сүрөт, видеолоруңду таратам». Бишкекте аял кишини коркутуп, акча талап кылган шектүү кармалды (видео)

Компроматтар камтылган видеону таратам деп коркутуп акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

28-февралда ИИМдин Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну (аял киши) кайрылып, акча талап кылып жаткан адамга карата чара көрүүнү суранган. Аялдын айтымында, жаран интимдик мүнөздөгү видео жана сүрөттөр камтылган компроматтарды таратам деп коркутуу менен дайыма акча каражатын талап кылып, 140 миң сомго жакын акча каражатын буга чейин бөлүп алып койгондугун билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү «опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, 3-мартта Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү ижарага берилген батирлердин биринен 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кылмышка шектүү кармалган.

Кылмышка шектүү жаранга карата өздүк тинтүү жүргүзүү учурунда белгисиз үлгүдөгү тапанча жана ыкчам топтун кызматкери деп көрсөтүлгөн түшүнүксүз ЖЧКнын (жоопкерчилиги чектелген коомдун) күбөлүгү табылган. Кармалган жарандын өздүгүн тактоодо, ал мурда уурулук, мал урдоо жана каракчылык кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн соттолгон 1995-жылы Ысык-Көл облусунун тургуну экени аныкталган.