Иракта дайынсыз болгон кыргызстандык келин. Өлкөнүн министрлигинен анын каза болгонун билдиришти

Кечээ, 25-октябрда жергиликтүү ЖМКлардын бирине Катерина Алферова аттуу жаран кайрылып, анын 44 жаштагы эжеси Светлана Минихтин Иракка кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны Кыргызстанга кайтарууга жардам сурап кайрылган.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинен комментарий беришип, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги анын каза болгонун, сөөгү өлүкканада экенин билдиришти. Буга чейин Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аялдын өлүмү боюнча фактыны ырастоо же төгүнгө чыгаруу өтүнүчү менен Ирак тарап менен тез арада сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 24-октябрда Ирактын Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган оозеки маалыматка караганда, жаран болжол менен каза болгон, анын сөөгү Багдаддын өлүкканасында. Окуя боюнча расмий маалымат Ирактын Тышкы иштер министрлигинен күтүлүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маркумдун жакындары менен байланышып жатканын белгилешти. Маселе департаменттин такай көзөмөлүндө.