Иракта кыргызстандык келиндин көз жумганы тастыкталды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө

25-октябрда жергиликтүү ЖМКлардын бирине Катерина Алферова аттуу жаран кайрылып, анын 44 жаштагы эжеси Светлана Минихтин Иракка кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны Кыргызстанга кайтарууга жардам сурап кайрылган.

Тышкы иштер министрлиги бул боюнча  үн катып, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги келиндин көз жумганын, анын сөөгү Багдаттагы өлүкканада экенин айтып, бирок дагы эле тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришкен.

Бүгүн, 27-октябрда министрлик маалымат таратып, келиндин каза болгону тастыкталганын билдиришти. «26-октябрда Ирак тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, жарандын чындап эле каза болгону жана анын сөөгү Багдаддагы өлүкканада экени тастыкталды. Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилигине бул жарандын каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү келип түшкөн, жарандын өлүмүнүн себептери боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө. Сөөктү Кыргызстанга жеткирүү боюнча жардам көрсөтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.