Ирина Карамушкина жана «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина менен «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү кармалганын 14-ноябрда Бишкек ШИИБден билдиришти. 

13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штаб жетекчиси Ирина Карамушкина менен Д.Ч. аттуу жарандын сүйлөшүүсү делген видео тараган. Милиция алар 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшкөн деп эсептейт. Бул факты добуш сатып алуу беренеси менен катталган. 

Милиция алар шайлоочуларды сатып алып, бир добушту 1000 сомдон баалашкан деп айтууда. Милиция тарабынан экөө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.