Өмүркуловдун уулу кызды cүзүп алган учурда мас абалында болгон. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгында жабырлануучу кыз милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Автокырсык “Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу” беренеси боюнча катталгандыгы көрсөтүлгөн. Бул боюнча Бишкек ШИИББден «Жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткандыгына карабастан, сотко чейинки процесстер улантылууда» деп маалымдашты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан 24.kg сайтына маалымдашкандай, депутаттын уулу велосипед тээп бара жаткан кызды сүзгөн учурунда мас абалында болгон. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.