Исфана мэриясы 55 жаранга мыйзамсыз жер берген. Мурунку мэрге кылмыш иши козголду

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Текшерүүдө белгилүү болгондой, Лейлек районунун Исфана шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө 55 жарандын ар бирине 0,06 га, жалпысы 3,3 га жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткен. Аталган факты боюнча Исфана шаарынын мурунку мэри Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иши кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилген. Прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен жалпы 44 миллион сомдук жер тилкеси Исфана шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды»,- деп айтылат маалыматта.