Иши оң чечилиши үчүн жабырлануучудан 200 миң доллар алып, алдамчылыкка шектелген жактоочу кармалды

УКМК “П” адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Э.Д.Т. тарабынан жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүүдө ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Жактоочу Э.Д.Т. юридикалык жардам көрсөтүүдө, өзүнүн жактоочулук ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, маселени коррупциялык жол менен чечүү шылтоосу менен («пара» берүү менен) жабырлануучудан кылмыш ишин тергеп жаткан укук коргоо органынын кызмат адамдарына жана соттун мыйзамсыз чечимине карата 200 миң доллардан ашык акча алган. Э.Д.Т. ири суммадагы акча каражатын алганына карабастан, жабырлануучу Кылмыш-жаза кодексинин 242-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп табылган. Буга байланыштуу өз милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн, анын ичинде мыйзамсыз акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү көздөгөн Э.Д.Т.га карата чара көрүү өтүнүчү менен жабырлануучу УКМКга кайрылган.

Жогорудагы факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 5 миң долларды (4 миң доллар жана 88 миң сом) кайтарып берип жаткан учурда жактоочу Э.Д.Т. кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө (алдамчылык) каралган кылмышка шектүү катары жактоочу Э.Д.Т. кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК жарандарды сак болууга жана тигил же бул маселени мыйзамсыз чечүү үчүн акча талап кылган абийирсиз жактоочулардын жана башка адамдардын аракеттерине алданбоого чакырат. Эгерде алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерге туш болсоңуздар, УКМКга кайрылуу сунушталат.