Ишкер Жалил Атамбаев кайра кармалды

Ишкер Жалил Атамбаев кайра кармалды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал 4-сентябрга чейин СИЗО-1де камакта болот.

Буга чейин да УКМК мыйзамсыз баюу фактысы менен Жалил Атамбаевди кармаган. Кийин ал үй камагына чыгарылган. ИИМдин мурунку кызматкеринин мамлекетке 100 миллион сом төгүп бергени да маалымдалган.