Ишкер Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды

Буга чейин мыйзамсыз баюу фактысы менен УКМК тарабынан кармалган ишкер Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун республиканын бюджетине көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөп берүүгө даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен.

Бүгүнкү күндө Жалил Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык каражат салган, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди.

“Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалды.Тергөө уланууда”,- деп айтылат маалыматта.