Ишкерден 2500 доллар опузалаган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 2 мүчөсү кармалды

Опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Токмок шаарында “мыйзамдагы ууру” Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү И.Дж. жана В.Ш. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Алар абакта жаткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунунан физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу жолу менен 2500 доллар талап кылышкан. 26-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Дж. жана В.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.