Ишкерден акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

УКМК Бишкек шаарындагы ресторандардын биринин ээсинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан 20 миң доллар пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бул факт боюнча 2021-жылдын май айында 10 миң доллар алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалган. 24-июлда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдагы конок үйлөрүнүн биринде бул кылмыштын башкы уюштуруучусу кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.