Ишкердин 2 миллион сомун алдап алып кеткен жаран кармалды

Ишкердин 2 миллион сомун алдап алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ишкер адам ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, 2019-жылдын март айында олуттуу материалдык чыгым келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Ал жаран тыбытты өндүрүү шылтоосу менен ишкерден 2 миллион сом акча каражатын алган соң, өзүнүн милдеттерин аткарбай, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгымды келтирген. Бул факты боюнча тергөөнүн тапшырмасынын алкагында шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого жана кармоого багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун аймагынан 38 жаштагы Б.Н. аттуу жаранды кармашкан. Андан соң кармалган жаранды Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча Б.Н. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда шектүүнүн кыймыл-аракетинде макулдашуунун негизинде башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана аны өзүнүн пайдасына коротуу белгилери бар болгондуктан жогорудагы кылмыш иши Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнө (Ыйгарылып берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) өзгөртүлдү.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.